Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:34
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жалал-Абадда тоноо иштери менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

24.08.2020 14:59
1122
Жалал-Абадда тоноо иштери менен алектенген кылмыштуу топ кармалды


Жалал-Абад шаардык милициясы тоноо иштери менен алектенген кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, шаардык милицияга 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 19-август күнү саат 10:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринен өзүнө бейтааныш болгон 4 жигит “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаага салышып, белгисиз жайга алып барып, тапанча такап коркутуп, 2 даана кол телефонун тартып алып коюшкандыгын билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 45 миң сомдон ашык акчаны түзгөн.

 

Окуя 201-берененин (Тоноо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, алар Сузак районунун тургундары 1992-ж.т. Т.У. жана К.С., Жалал-Абад шаарынын 1994-ж.т. тургуну П.М. болуп чыккан.


Аталган жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы аныкталып, далил буюм зат катары бир даана пистолет жана 2 даана кол телефон алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө-ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн