Кулжа 17, 2025
Убакыт: 15:34
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Жалал-Абадда опузалап 50 миң сом талап кылган милиция кызматкери кармалды

16.12.2022 17:30
459
Жалал-Абадда опузалап 50 миң сом талап кылган милиция кызматкери кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери Э.Ш.К. 50 миң сом пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шектүү Кочкор-Ата шаарынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылган.

Бул факты боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 1-бөлүмүндө ("опузалап пара талап кылуу") боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн