Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жалал-Абадда клубдун алдында 35 жаштагы жаранга 8 жолу бычак сайылган

Жалал-Абадда клубдун алдында 35 жаштагы жаранга 8 жолу бычак сайылган


Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу клубдардын биринин алдында 35 жаштагы жаранга белгисиз адам тарабынан 8 жолу бычак сайылган. Окуя 7-сентябрга караган түнү саат 01:40та болгон. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабыркаган жаран Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү делип Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 2004-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн