Баш оона 01, 2025
Убакыт: 05:10
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

Алайда ишкананын жери ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлдү

31.07.2025 10:56
43
Алайда ишкананын жери ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлдү


Алай районунун Сопу-Коргон айыл башкармалыгынын алдындагы "Пилорама" ишканасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан мамлекеттин балансына мыйзамсыз менчиктештирилген муниципалдык объекттерди кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында "Пилорама" муниципалдык ишканасынын жалпы аянты 57 сотых болгон жер тилкеси менен административдик имаратын менчиктештирүүдө эреже бузуулар аныкталды.


Жогоруда белгиленген административдик имарат жана ага чектеш жер тилкеси мурда Сопу-Коргон айылдык башкармалыгынын муниципалитетинин балансында турганы аныкталган. Бирок, 2017-жылы Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарын жана ушул сыяктуу объекттерди ээликтен ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларды бузуу менен "Пилорама" муниципалдык ишканасынын мүлкү жеке колго мыйзамсыз берилген.


Жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө административдик имарат жана анын жер участогу ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.


Мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган объекттерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн