Балыкчы шаарынын борбордук көчөсүнө заманбап жарыктандыруу системасы орнотулууда.
Жакында эле президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Балыкчыда аткарыла турган пландар менен таанышкан. Анда ал шаар инфраструктурасын жакшыртууга, социалдык объекттерди куруу боюнча иштер жүрөрүн айткан.
Каныбек Туманбаев алгач Балыкчынын негизги көчөлөрүнө заманбап жарыктандыруу системалары орнотуларын белгилеген.
Жалпысынан Балыкчы шаарында жолдорду оңдоо, жашылдандыруу, турак жай, мектеп жана бала бакчалардын курулушу, этно-комплекстин салынышы, коомдук транспортту жакшыртуу, коомдук кызматтардын сапатын көтөрүү сыяктуу 12 багытта иштер жүргүзүлөрү маалымдалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн