Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 10:36
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Жалал-Абад шаарында Перинаталдык борбордун курулушу башталды

12.01.2024 17:32
655
Жалал-Абад шаарында Перинаталдык борбордун курулушу башталды


Бүгүн Жалал-Абад шаарында Перинаталдык борбордун курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылы акча каражаты каралып, долборлоо-сметалык документтери иштелип чыккан.

Мамкурулуш тарабынан Мамлекеттик сатып алуу процедурасы өткөрүлүп, подряддык уюм тандалып алынып, учурда объектте жер казуу жумуштары башталган.

Эскерте кетсек перинаталдык борбор кыз-келиндерге кош бойлуу, төрөткө чейинки, төрөт учурунда жана андан кийинки аралыктагы жана ошондой эле ымыркайларга кам көрүү каралган борбор катары белгилүү.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Джолдошев Акжол
Жумуш тапса болобу кимге кантип кайрылуу керек