Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министри кызматына шайлоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралды.
Парламенттен билдиришкендей, талапкер боюнча сунуштама жана маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин жактырып, коргоо министри кызматына шайлоо үчүн колдоп беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн