Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:40
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Владимир Путин Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди

13.10.2023 17:24
484
Владимир Путин Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди


Россиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровго КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.


Ал белгилегендей, 2024-жылы Орусия КМШга төрагалык кылат. 8-октябрда Москвада КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны болот. Путин бардык кесиптештерин катышууга чакырды.


«Мен мамлекет башчыларынын кеңешинин төрагасына, Кыргызстандын президентине жана бардык кыргызстандык кесиптештерге меймандостугу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кыргызстандын төрагалыгы алдында аткарылган иштердин жыйынтыгы, саммитте кабыл алынган чечимдер жана документтер өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жакшы коңшулаштык мамилелердин мындан ары да чыңдалышына жана КМШ элдеринин гүлдөп өсүшүнө өбөлгө болот деп ишенем», - деди ал. 


Белгилей кетсек, 12-октябрда Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапары менен келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн