Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Венгриянын тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келди

05.11.2021 10:49
935
Венгриянын тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келди

Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Европа Биримдиги - Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Петер Сияртонун Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында анын өлкө жетекчилиги, КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуулары пландаштырылган.


Ошондой эле бул сапардын алкагында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болуп, анын алкагында Кыргызстан үчүн маанилүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.


Белгилей кетсек, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргызстандын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча келди.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн