Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 08:27
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келет

01.11.2024 09:36
400
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келет


Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.


“Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелерин талкуулашат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Ошондой эле 6-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат”, - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн