Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:03
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү айып пулду төлөбөгөндүгү үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды

28.12.2022 18:34
659
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү айып пулду төлөбөгөндүгү үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды

Соттун чечимине баш ийбеген уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Араван районунун 1997-жылы туулган М.У. аттуу жашоочусу буга чейин ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого айыпталып кармалган. Соттун токтомуна ылайык, М.У.га карата 210 миң сом айып салынган.


"Ушул күнгө чейин М.У. айып пулду төлөбөгөндүгүнө байланыштуу, сот ага карата 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган”, -деп айтылат билдирүүдө.


ИИМден белгилешкендей, М.У. мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн