Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 18:22
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Урнага бюллетендерди салып жатканы тартылган видео боюнча БШК түшүндүрмө берди

04.10.2020 15:36
1087
Урнага бюллетендерди салып жатканы тартылган видео боюнча БШК түшүндүрмө берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоо тилкесинин эки кызматкери шайлоо кутусуна бюллетендерди салып жатканы тартылган видео боюнча түшүндүрмө берди.

«Мен ишенимдүү түрдө бул башкаруунун автоматташтырылган системасын тесттик режимде текшерүү болгонун айта алам. Кайсы бир партия үчүн бюллетендерди салуу мүмкүн эмес», - деди Шайназаров.


Учурда ал видео кайсы шайлоо тилкесинде тартылганы тактала элек.

Шайлоо башталгандан бери БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 48 арыз келип түшкөн.

Буга чейин социалдык тармактарга шайлоо участогунун кызматкерлери урнага бюллетендерди салып жатат делген видео жарыяланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн