Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Улукбек Кармышаков эттин баасы эмне үчүн кымбаттап жатканын айтты

15.04.2021 10:33
1193
Улукбек Кармышаков эттин баасы эмне үчүн кымбаттап жатканын айтты

 Эттин баасы коңшу Өзбекстанга тирүү малды экспорттоого уруксат берилгенден кийин көтөрүлө баштаган. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде вице-премьер-министр, экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков билдирди.


Анын айтымында, малды экспорттоого тыюу салынганына карабастан эттин баасын мурунку калыбына келбей жатат.

“Бул табигый нерсе, анткени баалар көтөрүлүп кеткенде аны кайра түшүрүү кыйын. Ошондой эле этти БАЭ экспорттойт, бул дагы эттин баасына таасирин тийгизет”, - дейт ал.

Кармышаков эттин баасынын жогорулашын малдарга берилчү жемдин кымбатташы менен түшүндүрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн