Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:07
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

УКМКнын Жайыл райондук бөлүмү капиталдык оңдоодон кийин расмий ачылды

19.10.2023 12:25
372
УКМКнын Жайыл райондук бөлүмү капиталдык оңдоодон кийин расмий ачылды


Бүгүн, 19-октябрында Кара-Балта шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон кийин расмий ачылды.

Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү К.Жумагазиев, Жайыл районунун акими Т.Түркбаев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон заманбап эмеректер менен жабдылган.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн