Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 09:21
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

УКМК тарабынан кармалган 10 салыкчы мамлекетке 100 млн сом кайтарды

19.04.2023 15:34
576
УКМК тарабынан кармалган 10 салыкчы мамлекетке 100 млн сом кайтарды

 Мамлекеттик салык кызматындагы коррупция фактысы боюнча бюджетке 100 млн сом кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Коррупция фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору жана жеке ишканалардын үч жетекчиси кармалган.


Тергөөнүн жүрүшүндө салыкчылардын кылмыштуу аракеттери боюнча маалыматтар алынган. Алар “Ф” тобундагы компаниялардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, республиканын бюджетине иш жүзүндө төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын бир нече эсе төмөндөтүп, 3,3 млн сом өлчөмүндө гана салыктарды төлөшкөн.


Комплекстүү тергөө жана ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кызмат адамдарынын жана “Ф” тобундагы компаниялардын салык төлөөдөн качуу түрүндөгү аракеттеринен келтирилген зыян 100 млн сом экени аныкталып, бюджетке толук кайтарылды.


Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн