Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсүн аткаруу максатында бүгүндөн тартып коопсуздук органдары тарабынан "Нелегал-2025" атайын операциясы башталган.
Атайын кызматтан билдиришкендей, КР президентинин жарлыгы менен укуктук статусун мыйзамдаштыруу боюнча жеңилдетилген мөөнөт каралбаганына карабастан, миграциялык мыйзамдарды бузуу менен өзүнүн укуктук абалын легалдаштыруу боюнча жүргөн мыйзамсыз чет өлкөлүк жарандар аныкталган.
Тартип бузгандар тиешелүү фильтрациялоочу жайга жеткирилип, Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
УКМК иш берүүчүлөрдү жана чакырган тараптарды мыйзам бузган чет элдиктерди өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө багытталган чараларды көрүүгө чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн