Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү жашаган даректе тинтүү иштерин жүргүздү.
Экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө атайын кызмат тарабынан "Хизб ут-Тахрир" ДЭУнун туруктуу экстремисттик ячейкасы аныкталган. Алар Zanqi жана Telegram социалдык тармактары аркылуу өз катарына жаңы тарапкерлерди тартуу менен алектенип, үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп турушкан.
Буга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Хизб ут-Тахрир" ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган 10 жерде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана буюмдар (китептер - 85, телефондор - 9, журналдар - 12, ноутбук - 1, флешкарталар - 5) табылган. Алынган буюмдар Мамлекеттик санитардык- пидемиологиялык кызматына дин таануу экспертизасына жөнөтүлдү.
Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш иши боюнча соттолуучуларга карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн