Баш оона 05, 2025
Убакыт: 03:23
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

03.07.2023 13:16
352
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду


Ош облусунун Кара-Суу районунун тургунун опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топко каршы УКМКнын жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан иш жүргүзүлдү.


УКМКнын басма сөз кызматы 3-июлда маалымдагандай, 1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп турууну талап кылышкан.


Кылмышка шектүүлөр 29-июнда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн