Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:22
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

УКМК: ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду

17.01.2024 15:11
305
УКМК: ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюлду


Талас облусунун аймагында өлкөгө тиричилик буюмдары деп, милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 17-январында “Чоң-Капка-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү постунан КР жараны К.Шнын башкаруусундагы оор жүк ташуучу “Мерседес Бенц” унаасы кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү жүк ташуу документтери жок 200 даана жаңы “Редми” үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, 97 даана автоунаалар үчүн газ баллондук аппараттар аныкталган.


Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктык төлөмдөрдү төлөбөөдөн келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн