Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Түркияга болгон аба каттамдарынын саны көбөйдү

29.06.2021 16:16
750
Түркияга болгон аба каттамдарынын саны көбөйдү


 «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы Түркияга каттамдар көбөйгөндүгүн кабарлайт. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.


«Пегасус» авиакомпаниясы 2021-жылдын 2 июлунан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 10 каттам аткарылмакчы.


«Пегасус» авиакомпаниясы 2021-жылдын 6 июлунан баштап Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча дагы 1 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 5 каттам аткарылмакчы (дш., шш., шр., бш., иш күндөрү).


«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы 2021-жылдын 1 июлунан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 17 каттам аткарылмакчы.






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн