Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 18:42
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Тамчы аэропортуна Оштон алгачкы рейс келип түштү

25.06.2021 14:16
2926
Тамчы аэропортуна Оштон алгачкы рейс келип түштү

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2021-жылдын 25-июнунда бул жылда Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багытында 105 жүргүнчүнү, анын ичинде 12 баланы алып келди. Ал эми Тамчы-Ош багыты боюнча 88 жүргүнчү, анын ичинде 13 бала учуп кетишти.


Туруктуу каттам жумасына 3 жолу — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн