Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:03
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Таласта 4,25 килограмм баңгизат менен 56 жаштагы жаран кармалды жаран

Таласта 4,25 килограмм баңгизат менен 56 жаштагы жаран кармалды жаран

“КАНАЛ-НЕМАН” баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын алкагында Таласта баңгизат сатуучу кармалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.


ИИМдин БМЖКККнын Талас облусу башкармалыгына А.Ф. аттуу жаран баңгизат каражаттарды, тактап айтканда, марихуананы Талас шаарында таратып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.


 Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3 -бөлүгү боюнча (сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.

 Кылмыш ишинин, ошондой эле “КАНАЛ-НЕМАН” баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын алкагында, Талас шаарында рейд жүргүзүлүп, натыйжада А.Ф. аттуу жарандын жашаган дареги аныкталган.


А.Ф. үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 4 кг 250 гр. марихуана табылып алынган. Бул иш боюнча 1966-жылы туулган А.Ф. аттуу жаран кармалган.


Учурда аталган ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн