Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:45
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Талант Мамытов жана Даир Кенекеев "Кыргызстан" партиясына кошулду

10.08.2020 16:59
1468
Талант Мамытов жана Даир Кенекеев "Кыргызстан" партиясына кошулду


Талант Мамытов жана Даир Кенекеев "Кыргызстан" партиясынын катарына кошулду. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов менен Экс-вице-премьер-министр Даир Кенекеев “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү болду. Аларга 10-август күнү партиянын төрагасы Канатбек Исаев партбилет тапшырган.


Белгилей кетсек, Талант Мамытов 2015-жылы "Республика Ата Журт" саясий партиясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин мүчөсү болгон. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген. 2010-жылы "Ата-Журт" саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 




Ал эми 45 жаштагы Даир Кенекеев 2011-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеген. 2015-жылдан бери өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2018-жылы "Учкун" ААКтын башкы мүдүрү болуп дайындалган. 



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
"Ата Журт"
Талант Мамытов "Ата Журтту" кидать эткендей эле, эртеге эле "эшеги ылайдан өткөн соң" дароо эле "Кыргызстан" партиясын да кидать этпесе майнеке болойун