Кулжа 20, 2025
Убакыт: 09:54
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.107
1.140

Светке карызыңыз жокпу? Эртеңден тарта электр энергиясы өчүрүлөт

28.06.2021 11:47
1167
Светке карызыңыз жокпу? Эртеңден тарта электр энергиясы өчүрүлөт

"Түндүкэлектр" ААК 29-июндан тартып карызы бар абоненттерди аралыктан өчүрө турганын эскертет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылы 29-июндан "Түндүк электр" ААКтын электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана өлчөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму дебитордук карызы үчүн Бишкек шаарындагы 6,8 миңден ашуун үй абоненттерин аралыктан өчүрөт.

“Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү убагында төлөөгө чакырат”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 3,04 млн сомду түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн