Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:09
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Сутканын рекорду. Дагы 44 ак халатчандан коронавирус аныкталды

29.06.2020 10:23
980
Сутканын рекорду. Дагы 44 ак халатчандан коронавирус аныкталды

 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 44 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.


Жаңы учурлар:


Бишкек шаарында – 23;

Чүй облусунда – 14;

Ысык-Көл облусунда – 4;

Жалал-Абад облусунда – 2;

Талас облусунда – 1.


Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Инфекциядан сакайган ак халатчандардын жалпы саны 431ге жетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 783 учур катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн