Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 14:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Соцтармакта улут аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды

17.07.2023 11:53
400
Соцтармакта улут аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды


УКМК социалдык тармакта кыргызстандыктардын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган деген кине менен Ч.А.С. аттуу жаранды кармаганын билдирди.


"Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургуну Ч.А.С. аттуу жаранга тиешелүү экени аныкталды. Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан беш суткага административдик камакка алынган. Бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан", — деп айтылган маалыматта.


Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында анын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.


"Ага ылайык, жазгандарында улуттар аралык кастыктын белгилери, жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталды", — деп билдирди маалымат кызматы.


12-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү ("Расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча иш козголгон. Анын негизинде 14-июлда козголгон кылмыштын негизинде Ч.А.С. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү зарыл болгон ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн