Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 12:57
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри алгачкы жолу Кыргызстанга келди

21.03.2022 11:16
772
Сауд Аравиянын Тышкы иштер министри алгачкы жолу Кыргызстанга келди

 Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Улуу Даражалуу Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд алгачкы жолу расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, аны "Манас" эл аралык аэропортунан Руслан Казакбаев өзү тосуп алды.


 Расмий сапардын алкагында Сауд Аравиянын ТИМ башчысы КР президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарга басым жасоо менен бирге, кыргыз-сауд мамилелерин кеңейтүүнүн абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири каралат.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн