Сауд Аравия менен Катар Сириянын Дүйнөлүк банкка болгон карызын төлөп берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Коммерсант гезити жазды.
Маалыматка караганда, мындай чечим Вашингтондо эки мамлекеттин финансы министрлеринин жолугушуусунда кабыл алынган. Карыздын жалпы суммасы дээрлик 15 млн долларга жетет.
Сириянын Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравия менен Катардын бул кадамына ыраазычылыгын билдирип, колдоо кызматташууларды активдештирүүгө жол ачарын баса белгиледи.
БУУнун баалоосу боюнча, 2017-жылы Сирияны калыбына келтирүүгө 250 млрд доллар жумшалмак. Азыр бул сан аналитиктердин пикиринде 400 млрд долларды түзүшү мүмкүн.
Сауд Аравия менен Катардын биргелешкен билдирүүсүндө белгиленгендей, карыздын жабылышы Сирияга карата Дүйнөлүк банктын 14 жылдан бери токтотулуп турган долбоорлорун жандандырууга өбөлгө түзөт. Бул өз кезегинде өлкөнүн банктан экономиканын маанилүү делген секторлоруна каражат алуусуна мүмкүнчүлүк берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн