Ош шаарында прокуратура кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-июлда КР Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгы УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Ош шаарынын прокуратурасынын И.С.К. аттуу кызматкери М.Э.М. аттуу жарандан 4 миң доллары өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалды.
Ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө бул кылмышка Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. да тиешеси бар экени аныкталды. Иш материалдарына ылайык, аталган сот паранын бир бөлүгүн алган соң өзүнүн батирине жашынып, далил затты (параны) жок кылган.
Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн