Теке 31, 2025
Убакыт: 05:51
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.055
1.090

Бостеридеги аттракциондун иштөөсүнө убактылуу тыюу салынды

30.07.2025 12:09
35
Бостеридеги аттракциондун иштөөсүнө убактылуу тыюу салынды


Бостеридеги айланма дөңгөлөк (колесо обозрения) аттракционундагы кооптуу абал боюнча комиссия иш алып барды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын инспекторлору 28-июлда интернет булактарына жарыяланган Бостеридеги айланма дөңгөлөк аттракционунда кооптуу абал жаралгандыгы тууралуу маалымат боюнча тиешелүү чараларды көрүштү.


Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан атайын комиссия түзүлүп, аттракцион жайгашкан жерге барып текшерүү иштери жүргүзүлдү.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, аттракцион ээсине төмөнкү талаптар коюлду:


  • аттракциондо кооптуу абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн тийиштүү адистештирилген мекемеден техникалык корутунду алуу;
  • кооптуу абалдын кайталанбашы үчүн аттракционду атайын адистери бар уюмдар тарабынан толук техникалык кароодон өткөрүп, тиешелүү корутунду алуу;
  • жогорудагы талаптар толук аткарылганга чейин аттракционду иштетүүгө тыюу салынды.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коомчулукту коопсуздук эрежелерин сактоого жана мындай учурларда ыйгарым укуктуу органдарга дароо кабарлоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн