Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 04:33
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Садыр Жапаровго кат жазган балага китептер белекке берилди

31.10.2021 15:26
1621
Садыр Жапаровго кат жазган балага китептер белекке берилди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Бишкектин мектеп окуучусуна китептерди белек кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мамлекет башчынын атына № 8 орто мектептин 4-классынын окуучусу Арсен Мукаев кат жазды. Анда китепке кызыккан бала космос, динозаврлар, канаттуулар жана жаныбарлар тууралуу китептерди окууга болгон ынтызарлыгы тууралуу айтып берген.


Мектеп окуучусунун катын алгандан кийин Садыр Жапаров ага бир нече энциклопедиялык китептерди белекке берүүнү чечти.


Президенттин администрациясынын кызматкерлери баланын үйүнө барып, ага президенттин атынан энциклопедияларды тапшырышты.


Арсен Мукаев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, бир нече жылдан бери президенттин администрациясына кат жолдоп келгенин, бирок ага бир гана Садыр Жапаров көңүл бурганын белгиледи. Ал китеп окуганды абдан жакшы көрөт жана дайыма китепканага барат.

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Тимучин, Диана
Ассалам алейкум Садыр Нургожоевич Жапаров. Поздравляю вас с наступающим новым годом, желаю вам здоровья и успехов, спасибо за вашу поддержку. И хочу пожелать чтобы всегда у вас дома царили уют и радость. Вы важный человек Кыргызстана, и очень ценю ваше присутствие. То что вы приносите людям огромное вам спасибо. На новый год я хочу попросить у вас чтобы моя мама была счастлива и здорова. Я хочу чтоб мама поскорее избавилась от долгов и этого хочу попросить у вас.
Догдурбек кызы Каныкей
Саламатсызбы биздин президент Садыр Жапаров ,мен 4баланын энесимин ,жалгыз бой энемин.бизге жардам берсеңиз ,үй маселесин чечип беринизчи.жалгыз иштейм ,үй алганга каражатым жетпейт ,балдардан оокат кийим кечелер артпайт.озум кесирова жолу менен төрөп ден соолуктан кеттим ,оор жумуштарга алым жок.балдарым энемдин колунда .Балдарымды колума алып жашасам деген тилегим бар.сизден суранам .чооң рахмат
Атиргул
Менда кат жоноткум келет президентибизге, жер маселеси боюнча.