Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 04:31
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Садыр Жапаровго кат жазган балага китептер белекке берилди

31.10.2021 15:26
1620
Садыр Жапаровго кат жазган балага китептер белекке берилди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Бишкектин мектеп окуучусуна китептерди белек кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мамлекет башчынын атына № 8 орто мектептин 4-классынын окуучусу Арсен Мукаев кат жазды. Анда китепке кызыккан бала космос, динозаврлар, канаттуулар жана жаныбарлар тууралуу китептерди окууга болгон ынтызарлыгы тууралуу айтып берген.


Мектеп окуучусунун катын алгандан кийин Садыр Жапаров ага бир нече энциклопедиялык китептерди белекке берүүнү чечти.


Президенттин администрациясынын кызматкерлери баланын үйүнө барып, ага президенттин атынан энциклопедияларды тапшырышты.


Арсен Мукаев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, бир нече жылдан бери президенттин администрациясына кат жолдоп келгенин, бирок ага бир гана Садыр Жапаров көңүл бурганын белгиледи. Ал китеп окуганды абдан жакшы көрөт жана дайыма китепканага барат.

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Тынычбекова Ализа
Саламатсызбы Садыр Жапаров мен 6-класстын окчуусумун Касым Тыныстанов орто мектебинде окуйм мен сиздин Акылман лицейиңизге абдан өткүм келет.Анткени сапаттуу билим алып чоң окуу жайга өтүп ,Кыргызстанга салымымды кошом.Мен сизден жооп күтөт.Байланышуу боюнча ;0500151421
Нурайым
Саламатсызбы Садыр Жапоров приздент сизге кайрылуум себеби бизге үй жагынан жардам берүүңүздү суранат элем квартирада жашайбыз атам иштейт бирок жетпейт айлык ошо сизден жооп кутом 0706221592
Нурайым
Саламатсызбы Садыр Жапоров приздент сизге кайрылуум себеби бизге үй жагынан жардам берүүңүздү суранат элем квартирада жашайбыз атам иштейт бирок жетпейт айлык ошо сизден жооп кутом
Карыбекова Азиза Омурбековна
Садыр Нургожоевич Жапаров мен сизге кайрылуу жасадым эле менин байланыш ном 504820065 жакынкы арада чечип беруунузду суранам
Карыбекова Азиза Омурбековна
Урматту Салып Нургожоевич Жапаров менин алты балам бар билемин мага окшогондор коп кайрылат бирок мен сизден суранарым озум тапкан каражатка озум тапкан уйго ээ боло албай жатамын уйду кайненеме откоруп берип Орто жолдо калдык балдарым дын тагдырын чечип беруунузду суранам сизден менин колуман келбей жатат ото суранамын бул маселеге убакытынызды болуп беринизчи тунулуп жатамын жашоого балдарымды менден болок эч Ким ойлобойт сизден жооп кутомун .