Кулжа 16, 2025
Убакыт: 21:27
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында алты документке кол коюлду

21.11.2023 09:24
364
Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында алты документке кол коюлду


Президент Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошондо, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана баарын камтыган ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүү;

- Кыргыз Республикасы менен Япониянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуу;

- Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Гранттык жардам алууга багытталган макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын жана Япониянын юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы" мекемеси менен "Билим капиталы" ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (MoU).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн