Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:45
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Садыр Жапаров коомчулуктан президенттик администрациянын жаңы имаратына ат тандоону сунуштады

10.10.2023 15:41
354
Садыр Жапаров коомчулуктан президенттик администрациянын жаңы имаратына ат тандоону сунуштады


Президент Садыр Жапаров коомчулуктан президенттик администрациянын жаңы имаратына ат тандоону сунуштады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.


Ал белгилегендей, жаңы стратегиялык объектинин курулушу аяктоо алдында турат. Анан ага жакшы ат бериш керек.


«Ар кандай сунуштар түшүп жатат – «Ак ордо», «Кут ордо», «Айкөл ордо», «Ынтымак ордо».


Бул ысым түбөлүк кала тургандыктан, жалпы элдин сунуш-пикирлерин угууну чечтим. Бул тарых болот. Андыктан сиздердин сунуштарыңызды күтөм. Жана президенттик администрациянын жаңы имаратынын аталышынын тигил же бул вариантын эмне үчүн сунуштап жатканыңызды сөзсүз түрдө көрсөтүңүз», — деп жазган Садыр Жапаров.


Эскерте кетсек, Бишкекте бузулган "Ысык-Көл" мейманкана комплексинин ордунда президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн