Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:32
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Садыр Жапаров Мединада Мухаммед пайгамбардын мечитине барды

20.07.2023 17:29
550
Садыр Жапаров Мединада Мухаммед пайгамбардын мечитине барды


Президент Садыр Жапаров Сауд Аравия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммед пайгамбардын мечити) барды.

Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, Садыр Жапаровго Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды.


Аль-Масжид ан-Набави (Пайгамбардын Мечити) - Сауд Аравиянын Медина шаарындагы эң чоң мечити жана Меккедеги Ыйык мечиттен кийинки эле исламдын экинчи ыйык жери. Дүйнөдөгү экинчи ири мечит жана Пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жери болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн