Бугу 19, 2025
Убакыт: 17:59
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.080
1.110

Садыр Жапаров Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

19.05.2025 14:35
22
Садыр Жапаров Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуу өткөрдү.


Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын, парламенттер аралык мамилелердин негизги багыттарын, ошондой эле эки жактуу соода-экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.


Мамлекет башчысы Кыргызстан Россия менен болгон мамилени жогору баалай турганын жана аны достук, союздаштык жана өз ара сый-урмат духунда мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын баса белгиледи. Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жыл эки тараптуу алакалар үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени эки өлкөнүн ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк декларациясына кол коюлганына 25 жыл толду.


Президент Садыр Жапаров кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү ырааттуу жана динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле бардык багыттар боюнча толук масштабдуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, эки тараптуу диалогдун ажырагыс бөлүгү катары парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.


Өз кезегинде Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин саламын жолдоду.


Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилеп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер өз ара урматтоо жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу принциптеринде курулгандыгын баса көрсөттү.


Вячеслав Володин эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык диалогдун туруктуу жана системалуулугун камсыздоо боюнча ырааттуу жана системалуу иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал стратегиялык өнөктөштүктүн ажырагыс бөлүгү катары эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгүн, ошондой эле конструктивдүү парламенттер аралык кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын белгиледи.


Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Вячеслав Володинге конструктивдүү жана мазмундуу баарлашуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-орус мамилелерин чыңдоого багытталган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн