Бугу 19, 2025
Убакыт: 19:57
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.080
1.110

Уран Темирбеков Улуттук инвестициялык фонддун башкы директору болуп дайындалды

19.05.2025 16:18
23
Уран Темирбеков Улуттук инвестициялык фонддун башкы директору болуп дайындалды


Уран Темирбеков Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун башкы директору болуп дайындалды.


Тиешелүү чечимди Улуттук инвестициялык фондунун директорлор кеңеши кабыл алды.


Уран Темирбеков буга чейин Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун жетекчиси кызматын аркалап келген.


Ал аймактарда экономиканы өнүктүрүүгө жана социалдык долбоорлорду колдоого багытталган бир катар маанилүү демилгелерди ишке ашырган.


Белгилей кетсек, 2024-жылдын 19-июнунда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн