Баш оона 15, 2025
Убакыт: 21:34
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Садыр Жапаров Борбор Азия жана араб өлкөлөрүнө визасыз режим киргизүүнү сунуштады

20.07.2023 13:24
477
Садыр Жапаров Борбор Азия жана араб өлкөлөрүнө визасыз режим киргизүүнү сунуштады


Кечээ, 19-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Борбор Азия – Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” биринчи саммитинде сөз сүйлөдү.


Ал ар түрдүү тармактарда аймактар ​​аралык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнү сунуштады, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.


«Темир жол жана аба жолдорун кошкондо транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүү биздин аймактардын ортосунда товарлардын, капиталдын жана адамдардын кыймылын жеңилдетет. Бул сооданы гана эмес, маданий алмашууну да өнүктүрөт», — деди Кыргызстандын президенти.


Буга байланыштуу Садыр Жапаров саммитте мамлекет башчыларына аймактардын ичинде визасыз режим аймагын түзүүнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн