Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 08:31
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Ширшовдун аты-жөнү коррупция менен синоним. Жанар Акаев Ширшовдун үй камагына чыгышына нааразы

11.05.2022 11:02
969
Ширшовдун аты-жөнү коррупция менен синоним. Жанар Акаев Ширшовдун үй камагына чыгышына нааразы

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Дастан" ишканасынын мурдагы директору Алексей Ширшовдун үй камагына чыгышына нааразылыгын билдирди. 


Жанар Акаев Алексей Ширшовдун өлкөгө кирип-чыкканы тууралуу  маалыматты Чек ара кызматынан 28-апрелде сураган.


"Чек ара кызматы бизден маалыматты жашырып жатабы? Мен 28-апрелде Алексей Ширшовдун өлкөгө кирип-чыкканы тууралуу маалымат сураганмын.


Ширшовдун аты-жөнү коррупция менен синонимдеш. Ал электр энергия тармагында коррупциялык схема түзгөн адам. Аны жарым сутка кармап, кайра үй камагына чыгарып койду",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн