Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:03
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Шайлоо-2020: Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 45,26 пайызы добуш берди

04.10.2020 19:27
1162
Шайлоо-2020: Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 45,26 пайызы добуш берди

Саат 18:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 594 миң 802 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, саат 18:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 45,26%ын түзөт.

"Бишкек 223 миң 119 шайлоочу, Ош шаарында - 101 миң 271, Жалал-Абад облусунда - 303 миң 450, Ысык-Көл облусунда - 117 миң 450, Нарын облусунда - 79 миң 939, Ош облусунда - 317 миң 927, Баткен облусунда - 115 миң 358, Талас облусунда - 69 миң 263, Чүй облусунда 260 миң 471 шайлоочу добуш беришти", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн