Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Шайлоо-2020: Мыйзам бузуулар боюнча жарандар ишеним телефондоруна чала алышат

04.10.2020 09:22
1228
Шайлоо-2020: Мыйзам бузуулар боюнча жарандар ишеним телефондоруна чала алышат

Бүгүн, 4-октябрда, добуш берүү күнү өкмөт үйүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштейт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, добуш берүү күнү шайлоочулар электр жарыгынын, Интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан бет кап режиминин жана санитардык ченемдерди сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97. 

Белгилей кетүүчү жагдай, бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКтын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт. 

1.        

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн