Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:08
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган иш сапары талкууланды

12.01.2023 17:21
471
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган иш сапары талкууланды

Бүгүн,  12-январда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаевдин Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун талкуулашты.


Тараптар ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын уюштуруу боюнча сааттарды тууралашты.


                                

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн