Баш оона 16, 2025
Убакыт: 07:53
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Шавкат Мирзиёев чыр чыккан Чечме аймагына барат

03.06.2020 09:11
1620
Шавкат Мирзиёев чыр чыккан Чечме аймагына барат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ушул жуманын аягына чейин Фергана аймагына барганы жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 1-июнда Фергана облусунун курамына кирген Сохтун жашоочулары менен жолугушууда айтты.

Белгилей кетсек, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан келип чыккан чырдан улам, Арипов 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолуккан.

Чырдан эки тараптан ондогон киши жабыркаган.

Кыргызстан тараптан 25 жаран жабыркаганы маалымдалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн