Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 10:05
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Руслан Казакбаев Садыр Жапаров Россияга барганда кайсы маселе көтөрүлөрүн айтты

19.02.2021 19:25
1175
Руслан Казакбаев Садыр Жапаров Россияга барганда кайсы маселе көтөрүлөрүн айтты

Жаратылыш газына болгон тарифти арзандатуу кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн негизги темаларынын бири болот. Бул туурасында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев президент Садыр Жапаровдун Россияга иш сапары тууралуу берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, дүйнөдө көгүлтөр оттун баасы төмөндөгөндүктөн "Газпром" компаниясынын Кыргызстанга койгон тарифин арзандатуу маселеси күн тартибине киргизилген.


Ошону менен бирге эсептөөлөрдү доллар менен эмес, улуттук валютада жүргүзүүнү сунуштай турганын айтты.


ыргыз тарап аталган маселени буга чейин бир нече ирет жогорку деңгээлдеги жолугушууларда көтөргөн. Маселе азыркы күнгө чейин ачык бойдон турат, сүйлөшүүлөрдү дагы да улантуу зарыл", — деди Казакбаев.

Мындан сырткары, министр "Газпром" компаниясына Бишкек ТЭЦин жаратылыш газына өткөрүүнү биргеликте ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталарын кошумчалады.


Мындан сырткары, COVID-19га каршы вакцина чыгаруу боюнча Россиянын тажрыйбасын үйрөнүп келүү үчүн адистерди жиберүү маселеси каралып жатканын айтты. ТИМ башчысы сыноодон ийгиликтүү өткөн "Спутник-V" вакцинасын алууга Кыргызстан башынан эле кызыкдар болуп келгенин белгиледи.


"Азыркы тапта Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги россиялык "Спутник-V" жана "ЭпиВакКорона" вакциналарын сертификациялоо иштерин жасап жатат. Бул процедура аяктаган соң биздин тийиштүү ведомстволор препаратты ташып келүүнү уюштуруу жана аны сактоо маселелери боюнча иштеп баштайт", — деди Казакбаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн