Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 04:17
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Руслан Казакбаев Туймебаев менен кыргыз-казак байланыштарын жакшыртууну сүйлөштү

28.01.2021 20:59
858
Руслан Казакбаев  Туймебаев менен кыргыз-казак байланыштарын жакшыртууну сүйлөштү


2021-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бишкекке Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун ант берүү аземине катышуу үчүн Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаев менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Туймебаев кыргыз тарапты 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун, ошондой эле бүгүн мамлекет башчысынын инаугурация аземинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашышты.

Министр Руслан Казакбаев алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги тышкы саясий иш-чараларды даярдоого өзгөчө көңүл бурду.


Кыргыз-казак маданий-гуманитардык кызматташтыгын жалпысынан жана өзгөчө Кыргызстан элинин ассамблеясы менен Казакстан элинин ассамблеясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн мааниси өзгөчө экендиги белгиленди.


Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактар боюнча тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн