Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Россиядан Биринчи Элдик курултайга катыша турган делегаттар аныкталды

03.11.2022 14:12
423
Россиядан Биринчи Элдик курултайга катыша турган делегаттар аныкталды

2-ноябрда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинде Биринчи Элдик курултайга катыша турган делегаттар аныкталды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.


 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Элдик Курултайга катышууга делегаттарды шайлоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2022-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде рухий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгына негизделген Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан белгиленген тартипте түзүлгөн коомдук уюмдардын делегаттыкка талапкерлеринин жалпы чогулушу болуп өттү. 


Жалпы жыйындын жыйынтыгы менен катышуучулар делегаттарды шайлашты жана Элдик Курултайга катышуу үчүн резервдик курамды бекитти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн