Кулжа 25, 2025
Убакыт: 02:34
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Малайзияга барды

24.06.2025 20:37
28
Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Малайзияга барды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарына келди.


Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунан Мамлекет башчыны Малайзиянын эмгек министри Александр Нанта Лингги жана башка расмий адамдар тосуп алышты.


Флагштокторго Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол ротасы тизилди.


Эске сала кетсек, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүктүрүү келечеги талкууланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн