“Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктунда оор жана ири габариттүү жүк ташуучу унаалар үчүн жолдо жүрүүгө атайын уруксат тастыктамаларын берүү иши жергиликтүү деңгээлде жана ыкчам түрдө жүзөгө ашырылууда. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ведомстводон билдиришкендей, демилге өлкө башчысынын санариптештирүү боюнча тапшырмаларынын алкагында жүк ташуучу айдоочуларга шарт түзүү, убакыт үнөмдөө жана жолдогу коопсуздукту жогорулатууну максатында ишке ашууда.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов жана башкармалыктын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Саидов түштүк жергесине болгон иш сапарынын алкагында өткөрмө жайына барып, кызматкерлердин даярдыгын текшеришти жана айдоочулар менен пикир алышты.
Ошондой эле оор жана ири габариттүү жүктөрдү ташыган унаалардын айдоочулары менен жеринен жолугуп, алардын суроо-талаптарын угуу менен жол кыймылынын эрежелерин эскертишти.
Азыркы учурда көзөмөл пунктунда иш алып барган кызматкерлер күнү-түнү атайын уруксат кагаздарын берүү жана макулдашуу багытында иш алып барууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн