Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:00
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Президент Садыр Жапаров Берлинде "ГФР – Борбор Азия" саммитине катышат

27.09.2023 16:40
293
Президент Садыр Жапаров Берлинде "ГФР – Борбор Азия" саммитине катышат


Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 2023-жылдын 29-сентябрында Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган "ГФР – Борбор Азия" саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Мамлекет башчысы ошондой эле Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Борбор Азия лидерлеринин Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле "Германия экономикасынын Чыгыш комитети" герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышуусу пландаштырылууда", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн