Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:47
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Панфилов районунда өз билемдик менен соттук отурумга келбей жүргөн жаран кармалды

12.05.2022 12:37
734
Панфилов районунда өз билемдик менен соттук отурумга келбей жүргөн жаран кармалды

Панфилов районунда сот тарабынан издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, кечээ, 11-майда Панфилов райондук милициясынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө сот тарабынан издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган С.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, колго түшүрүлгөн.


Ал 24-мартта Панфилов райондук сотунун чечими менен өзүм билемдик фактысы боюнча иштин материалдарынын негизинде соттук териштирүүгө келбегендигине байланыштуу издөөдө жүргөн.


Учурда кармалган жаран Панфилов РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн